Биз социалдык тармакта

Кашка-Суудагы жол кырсыгы: 5 адамдын өмүрү кыйылды

Чүй облусундагы Бишкек - Кашка-Суу жолунда болгон жол кырсыгына шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 14-майда кечинде Кашка-Суу айылында Honda Torneo үлгүсүндөгү унаанын 22 жаштагы айдоочусу катуу ылдамдыкта унаа айдап бара жатып, рулду башкара албай жол четиндеги адамдарды сүзүп кетти.

Кырсыктын кесепетинен беш адам, анын ичинде төрт жаш бала окуя болгон жерде каза болду.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан