Кечээ, 14-майда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Казань шаарына Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушту.
Президенттик администрация билдиргендей, сүйлөшүүнүн өзгөчө пункту болуп татарстандык тарапты алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, ошондой эле ушул жылдын июнь айында Чолпон-Ата шаарында өтө турган Ысык-Көл эл аралык форумуна чакыруу болду. Ошондой эле тараптар туристтик тармактагы кызматташууну кеңири талкуулашты. Тоо лыжа туризмин өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалды. Кыргызстандын бай жаратылыш потенциалын жана Татарстандын заманбап туристтик инфраструктураны түзүүдөгү тажрыйбасын эске алуу менен, маектештер бул багытта тажрыйба алмашуу боюнча идеялары менен бөлүшүштү.
Өз кезегинде Татарстандын башчысы экологиялык күн тартибине өзгөчө көңүл буруп, эки эл үчүн тең ыйык жаныбар жана эки республиканы бириктирген символ болгон илбирсти сактоо боюнча биргелешкен иштин маанилүүлүгүнө токтолду. Ал Кыргызстандын биоартүрдүүлүктү жана бийик тоолуу экосистемаларды коргоо жаатындагы демилгелерин колдой тургандыгын билдирди. Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстандын жана Татарстандын жарандарынын жыргалчылыгы үчүн багытталган көп пландуу кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин ырасташты.