Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө ММА мушкери сууга чөгүп бараткан эки кызды куткарып, өзү каза болду

Ысык-Көлдө эрежесиз эр уруш боюнча мушкер Медет Жээналиев сууга чөгүп жаткан эки мектеп окуучусун куткарууну көздөп, каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдиришүүдө.

Белгиленгендей, ал достору менен көл жээгине эс алууга барган. Ошол учурда катуу толкун болуп, эки кыз сууга чөгө баштаган. Муну көргөн спортчу эки досу менен дароо сууга түшүп, кыздарды куткарып калган, бирок өзү кайра жээкке чыга алган эмес.

Кийин куткаруучулар анын денесин суудан таап чыгышкан. Маркумдун сөөгү жерге берүү үчүн Нарын шаарына жөнөтүлдү.

Учурда Ысык-Көл жээгиндеги пляждарда коопсуздук көзөмөлү күчөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан