Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда баңгизат сатууга шектелген чет элдик жаран кармалды (видео)

Жалал-Абад облусунда баңгизат сатууга шектелген чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу облустун милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө 1974-жылы туулган Туркиянын К.М. аттуу жараны 1,66 грамм гашиш баңгизатын 5 миң сомго сатып өткөргөн учурда кармалган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси 1-бөлүгү (Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.

Шектүү соттун чечими менен 14-июнга чейин камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.


Жалал-Абадда баңгизат сатууга шектелген чет элдик жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан