Нарын облусунун Жумгал районунун акими болуп Жаныбек Исаков дайындалды. Бул тууралуу 15-майда өлкө башчынын администрациясы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин аталган кызматты Адыбек Набиев аркалап келген.