Президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев Ноокат шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда жаңы салынган жолго жасалган мамилелерге таарынычын айтты.
Ал элдин өтүнүчү менен жол кеңейтилгенин белгилеп, эми кайра эл тараптан терс иш-аракеттер болуп жатканына өкүнүч билдирди.
"Жолубуз жаман, тыгын болуп жатат" деп эл көтөрүлдү эле. Анан жолуңарды 4 тилкелүү кылып салдык. Эми эмне кылып жатасыңар? 2 тилкесине унааңарды коюп, токтомо жай кылып алдыңар. Биз ал жол менен унаа жүрсүн деп салбадык беле. Эл-журт силер деле мыйзамды, өзүңөрдү сыйлабайсыңарбы! 4 тилке болгону менен баягы эле 2 тилке иштеп жатат.
Кичине Кудайдан да коркпойлубу? Анан кайра эле бири-бирибизди жамандап, ызы-чуу болуп жатабыз. Мамлекет жолго миллиарддаган сом короткон",- деди губернатор.