Талгат Аширбеков Кыргызстандын Мисирдеги элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу 15-майда президенттин администрациясы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 15-декабрында Кыргызстандын Каир шаарындагы элчилиги түзүлгөн.