
Бишкек шаарында жол талашып урушкан айдоочу кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 14-май күнү болгон. 42 жаштагы жаран башка айдоочуну оозго алыс сөздөр менен сөгүп, аны коркутууга алган. Шектүүгө карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен протокол түзүлүп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.