Беткапчан киши деген ат менен белгилүү болгон казакстандык жаран бул ирет бир нече илдет менен ооруп, бирок курьер болуп эмгектенген 31 жаштагы Александрга жардам берди.
Майыптыгы бар Александр учурда батирде жалгыз жашайт. Анын көзүнүн көрүүсү начар жана басууда кыйналат. Мындан тышкары, рак, ДЦП илдеттери менен ооруп келет.
"Азыр мен инженер-программист жана жеткирүүчү болуп иштейм. Атам оорулуу болуп төрөлгөнүм үчүн менден баш тарткан, апам көп ичип баштаган. Кудай мени ушундай кылып жаратканына дагы ыраазымын",- деген Александр.
Ал эми беткапчан киши аталган жаранга батир жана дарылануусуна каражат берген.