Австриянын борбору Вена шаарында "Евровидение" эл аралык ыр сынагынын экинчи жарым финалы өттү. Жыйынтыгында дагы 10 катышуучу финалга жолдомо алды. Алар:
Финалда аларга биринчи жарым финалдын жеңүүчүлөрү Израил, Бельгия, Хорватия, Финляндия, Греция, Литва, Молдова, Польша, Сербия жана Швеция өлкөлөрүн намысын коргогон аткаруучулар кошулат.
Мындан тышкары, финалга сынактын ээси болгон Австрия, ошондой эле Улуу Британия, Франция, Германия жана Италия өлкөлөрүнөн келген катышуучулар түз өтүштү.
Белгилей кетсек, финал ушул жуманын ишемби күнү кечинде өтөт.