Биз социалдык тармакта

Манас шаарында 375 орундуу жаңы мектеп курулууда

Курулуш министрлиги тарабынан Манас шаарында 6 мектеп курулууда. Алардын бири Чолок-Терек айылындагы 375 орундуу заманбап мектеп.
Долбоор мамлекеттик казынанын эсебинен каржыланып, учурда имараттын биринчи кабатынын колонналары орнотулууда.
Башкы планга ылайык, жалпы аянты 4048 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат болот. Анда заманбап окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана бардык шарттары каралган спорт залы жайгашат. Жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин 750 окуучунун билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Эски мектеп 1954-жылы ашар жолу менен 120 орунга ылайыкталып курулган. Бүгүнкү күндө анда 527 окуучу билим алууда. 2025-2026-окуу жылында орун тартыштыгына байланыштуу 10-11-класстарга окуучулар кабыл алынган эмес.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан