Биз социалдык тармакта

Сүйүнчү! Бишкек шаарында үч эм төрөлдү (видео)

Бишкек шаарындагы №2 клиникалык төрөт үйүндө үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, 36 жаштагы эне 22-апрелде кош бойлуулуктун 31 жума 6 күндүк мөөнөтүндө, оор абалда ооруканага түшүп, 30-апрелде кош бойлуулуктун 32 жумалыгында операция жолу менен үч эмди дүйнөгө алып келди. Наристелердин бири уул болуп, 1730 грамм салмакта төрөлсө, эки кыз 1590 жана 1460 грамм салмакта жарык дүйнөгө келишти.

"Ымыркайлар өз айына жетпегендиктен жаңы төрөлгөн балдардын реанимация бөлүмүнө которулуп, жасалма дем алдыруучу аппаратта жатышат. Азыркы учурда эне жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалы туруктуу",- деп белгиленген маалыматта.

Бишкек шаарында үч эм төрөлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан