Биз социалдык тармакта

Чүйдө пара талап кылуу фактысы боюнча эки кызматкер кармалды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгынын кызматкерлеринин ишкерлерден пара талап кылуу фактысы боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу 15-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1965-жылы туулган О.М. жана 1992-жылы туулган Д.О. аттуу кызматкерлер ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалышты.

Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча О.М. атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Д.О. өлкөдөн чыкпоо жөнүндө тилкаттын негизинде бошотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан