Сокулук районунун жол тескөөчүлөрү рейддик иш-чаранын жүрүшүндө мас абалындагы айдоочуну кармашты.
Маалым болгондой, жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери Mazda 626 үлгүсүндөгү унааны тоскон учурда айдоочу кызматкерлерге токтобой качып кетүүгө аракет кылган. Анын артынан кууп жетишип текшеришкенде айдоочунун күбөлүгү жок болуп, мас абалында экендиги аныкталды.
Унаа айып короого токтотулуп, айдоочуга протокол түзүлдү.