Атайын кызмат Чүйдө "Йакын-Инкар" (Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган) диний агымынын мүчөлөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.
УКМК түшүндүрүү иштерине казыяттын өкүлдөрү катышканын белгилеп, аталган диний агымдын жактоочулары тандап алышкан жолу туура эместигин моюндашканын маалымдады. Алар өлкө мыйзамдарын жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды сактоого даяр экендиктерин билдиришкен.