Кара-Балта шаарынын четинен курал-жарак жана ок-дарылар катылган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат ал жерден 7,62 миллиметр калибрдеги ок-дарылар, жылмакай стволдуу куралга арналган октор, ошондой эле калибри тактала элек ок-дарылар, Шпагиндин сигналдык тапанчасы, маркасы тактала элек 4 тапанча жана 1 даана АК-74 автоматы чыкканын маалымдайт.
Учурда жашыруун жайды уюштурууга тиешеси бар болушу мүмкүн болгон адамдарды аныктоо иштер жүрүүдө.