Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен жолугушту

Бүгүн, 15-майда өлкө башчы Садыр Жапаров Казакстандын Түркстан шаарында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Президенттин администрациясы тараткан маалыматка ылайык, тараптар ынак коңшулаштык, өз ара сый жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген кыргыз-өзбек мамилелеринин жогорку деңгээлдеги саясий диалогун жана динамикалуу өнүгүүсүн канааттануу менен белгилешкен.

Ошондой эле жолугушууда соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин ырасташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан