Биз социалдык тармакта

Зардалыда футбол аянтчасы ачылды

Бүгүн, 15-майда Баткен районундагы Зардалы айылында кичи футбол аянтчасы ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага район акими Данир Иманалиев баштаган жергиликтүү жетекчилер, айыл тургундары катышты.
Айта кетсек, мындан эки ай мурда президент Садыр Жапаровдун фондунун эсебинен облуста 10 кичи футбол аянтчасынын курулушу башталган. Алар:
• Баткен шаарынын Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын Тамаша жай, Ак-Таш, Чет-Булак жана Булак-Башы аймактык башкармалыктарында;
• Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылында;
• Алтын-Бешик айыл аймагынын Газ, Кыштут айылдарында;
• Самаркандек айыл аймагынын Жаңы-Бак айылында курулат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан