Биз социалдык тармакта

Ош шаарында тротуар көйгөйү чечилүүдө

Ош шаарында учурда жалпы 30 чакырым тротуар төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык бийлик маалымдады.

Маалыматка ылайык, жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында бир катар негизги көчөлөрдө курулуш жана жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.

Атап айтканда, Курманжан датка көчөсү боюнча 7 чакырым, Алымбек датка көчөсү боюнча 3,5 чакырым, Көкүм-Бий көчөсү боюнча 16 чакырым жана А.Масалиев көчөсү боюнча 2 чакырым тротуар жасалууда.

Бул аптада мэр Жанарбек Акаев эл менен жолугушуу өткөрүп, анда тургундар негизинен тротуарларды куруу жана жаңылоо маселелерин көтөрүштү. Шаар башчысы бул багыттагы иштер улантыларын белгилеп, жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүү башкы максат экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан