Президент Садыр Жапаров Казакстандагы иш сапарынын алкагында Кожо Ахмед Ясавинин күмбөзү жана Азрет Султан музей-коругуна барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-майда өткөн сапар Түрк мамлекеттери уюмунун бейформал саммитинин алкагында уюштурулуп, ага уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери катышты.
Мамлекет башчылары Азрет Султан музейиндеги сейрек экспонаттар көргөзмөсү менен таанышып, XIV–XV кылымдарга таандык тарыхый реликвияларды көрүштү. Лидерлерге түрк дүйнөсүнүн руханий мурасы жана Кожо Ахмед Ясавинин тарыхы тууралуу маалымат берилди.
Андан соң президенттер ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Кожо Ахмед Ясавинин күмбөзү комплексине барышты. XIV кылымдын аягында эмир Тимурдун буйругу менен курулган бул жай түрк жана ислам цивилизациясынын маанилүү руханий борборлорунун бири болуп эсептелет.
Күмбөздүн ичинде куран окулуп, мамлекет башчылары мавзолейдин ички түзүлүшү жана анда сакталган тарыхый баалуулуктар менен таанышты.