Биз социалдык тармакта

Төрага Алайдагы социалдык мекемелердин абалы менен таанышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Ош облусунун Алай районуна иш сапары менен барып, аймактын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө арналган бизнес-форумга катышты.

Маалыматка ылайык, форумда туризм, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы, энергетика жана логистика тармактарындагы долбоорлор сунушталып, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн көргөзмөлөрү уюштурулду. Иш-чарага эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, инвесторлор, ишкерлер жана өнүктүрүү фонддорунун жетекчилери катышты.

Марлен Маматалиев павильондорду кыдырып чыгып, фонддорду жергиликтүү ишкерлерди каржылык жактан колдоого чакырды. Ошондой эле кышкы туризмди өнүктүрүү боюнча сунуштарын айтты.

Төрага Алай районунда бал, балык жана эт өндүрүшүн өнүктүрүү, туризмди жаңы деңгээлге чыгаруу жана кичи ГЭСтерди куруу негизги багыттар болорун белгиледи.

Мындан тышкары аарычылыкты өнүктүрүүгө багытталган пилоттук долбоор сунушталды. Анын алкагында ар бир айылдан тандалган катышуучуларга жеңилдетилген шартта бал челектери жана керектүү жабдуулар берилет.

Иш сапардын жүрүшүндө төрага бир катар билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышып, Ак-Жай айылындагы тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Анда жергиликтүү калк социалдык жана инфраструктуралык көйгөйлөрүн көтөрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан