Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов ата-энелерге кайрылып, алдыдагы бүтүрүү кечелери жана башка иш-чаралар маалында балдарды өзгөчө көзөмөлдөөнү суранды.
Шаар башчысы өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна кайдыгер карабоого чакырып, алардын жүрүм-турумуна жана тартибине көңүл буруу маанилүү экенин белгиледи.
Мындан тышкары шаардык милициянын жетекчилигине бул күндөрү күчөтүлгөн тартипте көзөмөл жүргүзүү тапшырмасы берилди.