Биз социалдык тармакта

Жогорку технологиялар паркында кибер коопсуздук маселеси көтөрүлдү

Бишкекте «Ынтымак-Мекенчил» депутаттык тобу Жогорку Кеңеш тарабынан уюштурулган көчмө жыйындын алкагында Жогорку технологиялар паркынын ишмердиги менен таанышты.

Маалыматка ылайык, жыйын учурунда IT-парктагы стартаптар өздөрүнүн инновациялык долбоорлорун жана технологиялык чечимдерин сунуштап, иш жүзүндөгү тажрыйбалары менен бөлүшүштү. IT-парктын директору Азиз Абакиров 2011-жылы 2–3 компания менен башталган ишмердик бүгүнкү күндө 500дөн ашык резидент компанияга жеткенин белгиледи. Анын айтымында, резиденттердин IT продукцияларынын 70тен ашык өлкөгө экспорттолушу менен тармак олуттуу өсүүгө жетишкен, ал эми 2025-жылдагы жалпы киреше 17 миллиард сомдон ашкан.

Депутаттар санариптештирүү, киберкоопсуздук жана мыйзамдык жөнгө салуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Айгүл Карабекова Санарип кодексиндеги биометрикалык маалыматтарды коргоого байланышкан нормалардын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал эми эксперттер жеке кызыкчылыктар үчүн кодексти өзгөртүү аракеттери боюнча коңгуроо кагышты.

Жыйындын соңунда Талант Мамытов санариптик өнүгүү багытындагы демилгелер колдоого алынып, жаралган чакырыктарга Жогорку Кеңеш тарабынан өз убагында жооп берилерин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан