Ош шаарында “Имам Аль Бухарий – Алай” мечитинин курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз Закиров, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов, диний ишмерлер, аксакалдар жана жергиликтүү тургундар катышты.
Аземде шаар мэри сөз сүйлөп, катышуучуларды тарыхый окуя менен куттуктады.
Маалыматтарга караганда, бул мечит алгач 1890-жылы 500 орунга ылайыкталып курулган. 1920-жылдары жабылып, кийин кампа катары пайдаланылган. Эгемендик жылдарында эски имараттын жанында демөөрчүлөрдүн жана араб фонддорунун колдоосу менен 3000 орундуу эки кабаттуу жаңы имарат салынган.
2007-жылы эски мечит авариялык абалда деп табылып бузулган, анын ордуна 1500 орундуу жаңы курулуш жүргүзүлгөн.
Жаңы долбоор 4 кабаттан туруп, 5000 адамга чейин сыйымдуулукка ээ болот. Анда жер алдындагы унаа токтотуучу жай, дааратканалар, коноктор үчүн шарттар, Куран үйрөнүү бөлмөлөрү жана китепкана каралат.