
«Кыргызтасмасы» мамлекеттик киноборбору» мамлекеттик мекемесинин директору болуп
Улукбек Бегалы уулу дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Жаңы жетекчи бүгүн, 16-майда эмгек жамаатка тааныштырылды.
Бегалы уулу кино жана телепродукция тармагында көп жылдан бери эмгектенип, продюсер, аткаруучу продюсер жана локациялык менеджер катары бир катар ийгиликтүү долбоорлорго катышкан.