Ысык-Көлдүн түбүнөн радиусу 10–15 метрлик металл конструкция табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
15-майдагы тазалоо иштери Ысык-Көл районунун Бает айылындагы "Чайка" жана "Акмарал" пансионаттарынын ортосундагы булуңда ишке ашты.
Натыйжасында 20 килограмм таштанды чыгарылды жана радиусу 10-15 метрге жеткен металл конструкция аныкталды.