Социалдык тармактарда куткаруучулардын экскурсияга келген бөбөктөрдү тосуп алган видеосу тарады. Алдын ала маалыматка ылайык, видео Казакстанда тартылганы айтылат.
Видеодо аскер кызматкерлери эки катарга туруп, бөбөктөрдү шарлар менен тосуп алганын көрүүгө болот.
Интернет колдонуучулары комментарий бөлүмүндө куткаруучуларга ыраазычылык билдирип, жылуу пикирлерин калтырышкан.