
Бүгүн, 16-майда Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 7702 аскер бөлүгүндө жоокерлердин ант берүү аземи өттү.
Аталган иш-чарага ички аскерлердин кол башчысы Дамир Алыбаев, ардагерлер, жоокерлердин ата-энелери катышышты.
Алыбаев анда аскердик кызмат ар бир жаран үчүн чоң жоопкерчилик жана мекенчилдиктин бийик үлгүсү экенин белгиледи.
ИИМ белгилегендей, 7702 аскер бөлүгү Ички иштер органдары менен биргеликте Бишкек шаарындагы коомдук коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу менен катар мамлекеттик стратегиялык объектилерди кайтаруу боюнча кызматтык милдеттерди аткарып келет.