Эртең, 17-майда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында ачык асман алдындагы музыкалык кече өтөт.
Калаа мэриясы бул иш-чара Энелер күнүнө карата уюштурулуп жатканын билдирди.
Анда мэриянын Маданият башкармалыгынын үйлөмө аспаптар оркестри коноктор үчүн чыгармаларын тартуулайт. Программада Gipsy Kings, ABBA, Bruno Mars, Leonid Friends топторунун белгилүү чыгармалары, ошондой эле «Кара жорго» жана башка популярдуу чыгармалар аткарылат.
Сахнада эстрада жылдыздары Кубаныч Алиев, Бакыт Ыбыкеев, Кайрат Примбердиев, Замир Арыкбаев жана Съездбек Искеналиев да өнөр көрсөтүшөт.
Иш-чара саат 18:30да башталат.