Ош шаарынын Навои көчөсүнда 300 түп катальпа нана дарагы отургузулду. Көчөттөр ишкерлер тарабынан алып келингенин мэриядан кабарлады.
Дарактарды отургузуу иштерин Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынын кызматкерлери жүргүздү. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев катышты.
План боюнча быйыл шаар аймагына 20 миңге жакын дарак жана бадал, ошондой эле 1,5–2 миллион түп гүл отургузуу пландалууда.