Биз социалдык тармакта

Таласта жакында 30 жаңы электробус жүргүнчүлөрдү ташый баштайт (видео)

Таласга 30 жаңы электробус сатып алуу пландалууда. Бул тууралуу облус жетекчиси Эрмат Жумаев билдирди.
Маалым болгондой, коомдук транспорт Талас шаарынын ичиндеги жана аймактардагы тургундарды сапаттуу коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында "Yutong" компаниясынан сатып алынганы турат.
"Бул демилге облус тургундарынын транспорт маселесин жеңилдетип, жол жүрүүдө ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүүгө багытталган. Электробустарды лизинг жолу менен сатып алууга президентибиз тарабынан 180 миллион сом каражат бөлүндү. "Yutong" компаниясынын электробустары толук кубатталгандан кийин 200 чакырымга чейин тынымсыз жүрө алат. Компаниянын электробусун командабыз менен тест-драйвдан өткөрүп, жүрүү мүмкүнчүлүгүн, сапатын жана техникалык өзгөчөлүктөрүн жакындан көрүп чыктык. Электробустардын ыңгайлуулугу, кубаттуулугу жана заманбап шарттары бизге абдан жакты", - деп билдирди Жумаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан