Белгилүү кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова кош бойлуу кезиндеги сүрөттөрү менен бөлүшүп, Энелер күнү менен куттуктады. Ал мындай билдирүүсүн социалдык тармактагы баракчасына билдирген.
Анда балбан айым, кош бойлуу кезинде бардык аялзатындай эле эмоционалдуу болгонун, бирок физикалык жактан көп кыйналбаганын билдирген.
Ошондой эле бул мезгилде жакын адамдарынын, өзгөчө жолдошунун камкордугу абдан маанилүү болгонун баса белгилеген.
Тыныбекова акырында: "Эми мен чындап түшүндүм, ар бир эне – баатыр", - деп ар бир аялзатын Энелер күнү менен куттуктаган.