Биз социалдык тармакта

Токмокто ишкерлерден акча талап кылууга шектелген жактоочу кармалды

Токмок шаарынын ишкерлеринен системалуу түрдө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын опузалап талап кылуу боюнча мыйзамсыз схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, 1989-жылы туулган жеке жактоочу Ц.Д. ишкерлерге Ички иштер министрлиги, прокуратура, УКМК, экология кызматтары, мэрия жана башка органдар тарабынан текшерүүлөр уюштурулары тууралуу коркутууларды айтып, ошондой эле социалдык тармактарда жалган маалыматтар таратуу менен кысым көрсөтүп келген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында талап кылынган 15 миң долларын алып жаткан жеринен Ц.Д. кармалды.

Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан