
Филиппинде өткөн карате боюнча жаштардын эл аралык турниринде кыргызстандык спортчулар 4 медаль жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, спорттук иш-чара 14–17-май күндөрү Манила шаарында өттү. Мелдешке дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн 1000ден ашуун спортчулары барып күч сынашты.
"Кыргызстандын атынан 10 спортчу катышып, анын төртөө байгелүү орундарга ээ болду. 50 килограмм салмак чениндеги Хван Данил биринчи орунду ээлеп, алтын медалга татыды. Ал эми Турусбеков Улукбек, Даян Деря, Кобелев Илья коло медаль утушту", - деп белгиленди маалыматта.