Бишкекте көркөм гимнастика боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, Азия биринчилиги 23-26-май күндөрү "Жаштык" аренасында болот. Мелдеш 21-жолу юниорлор арасында жана 17-жолу сениорлор арасында уюштурулуп, ага 19 өлкөдөн 200гө жакын гимнаст катышат. Бул мелдештин өзгөчөлүгү Азия оюндарына жана Дүйнө чемпиондугуна жолдомо берүүчү тандоо этабы болгондугунда.