Өлкө аймагындагы тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу аталган аймактарда 19-майдан 23-майга чейин сел жүрүшү ыктымал.