Биз социалдык тармакта

Мен көргөн бир күн: “Чек арадагы оор учурларда да биринчи жардам көрсөткөнбүз”

SUPER.KG порталынын “Мен көргөн бир күн” рубрикасынын алкагында түрдүү тармакта иштеген адистер өз кесиби, күнүмдүк иши жана эсте калган учурлары тууралуу айтып беришет.

Бул жолу Баткен облусунун Самаркандек жалпы дарыгерлер практикалык борборунун улуу медайымы Шайыргүл Маматова менен маек курдук.

“Ар кандай оор кырдаалдарга туш болобуз”

Шайыргүл айымдын айтымында, медайымдардын иши дайыма ыкчамдыкты жана жоопкерчиликти талап кылат.

“Кээде шашылыш төрөт келип калат, кээде оор абалдагы бейтаптарды Баткен шаарындагы ооруканага жеткирүүгө туура келет. Жол кырсыктары болгондо да биринчи жардамды биз көрсөтөбүз”, — дейт ал.

Ошондой эле өзгөчө кырдаалдар да болуп турарын белгиледи.

“Жакында эле айылдагы шахтада газ чыгып кеткен окуя болду. Чалуу түшөрү менен нөөмөттөбү же жокпу, бардык медкызматкерлер дароо барып, жабыркагандарга биринчи жардам көрсөттүк. Тилекке каршы, эки жаран каза болду, бирок калган адамдарды сактап калууга аракет кылдык”, — деди медайым.

“20 жылга жакын ушул кесипте иштеп келем”

Шайыргүл Маматова 1988-жылы Самаркандек айылында төрөлгөн. 2007-жылы Кызыл-Кыя медициналык училищесин акушердик адистик боюнча аяктаган.

Ошол жылдан бери Самаркандек жалпы дарыгерлер практикалык борборунда эмгектенип келет. 2025-жылдан тарта башкы медайым болуп иштеп жатат. Жалпы эмгек тажрыйбасы 20 жылга жакын.

“Чек арадагы учурлар эсте калат”

Ал өз ишиндеги унутулгус учурлардын бири катары чек арада болгон окуяларды эскерди.

“Биз чек арада жашап, иштейбиз. 2018–2019-жылдары чек арада таш ыргытуу сыяктуу чыңалуу учурлары көп катталчу. Бир жолу чалуу келип, жабыркагандар бар экенин айтышты. Кыштын кыраан чилдесине карабай шашып чыгып, жука халатчан эле "Тез жардам" менен жөнөп кеттик. Барсак, таш ыргытуу болуп жаткан аймакка кирип алыптырбыз. Биринчи жардам көрсөтүп жатып гана өзүбүздүн катуу үшүп жатканыбызды байкадык. Шашып чыгып кеткенге калың кийим да кийбей калганбыз”, — деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан