Биз социалдык тармакта

Ташиевдин тарапташы билдирүү жасады

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тарапташы, "Регион" телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов коомчулукту ынтымакка чакырды.
"Камчыбек Кыдыршаевичке байланыштуу сот иштери жүрүп баштаганын баарыбыз билебиз. Бул жараян бир гана мыйзам чегинде, адилеттүү болорун жана анын жыйынтыгы менен гана буга чейин айтылган ар кандай сөздөргө чекит коюларын урматтуу президентибиз Садыр Жапаров да белгилеп айтканынан кабардарбыз.
Андыктан ар кандай бүдөмүк, такталбаган жана провокациялык мүнөздөгү сөздөргө көңүл бурбастан жана азгырылбастан, Камчыбек Кыдыршаевич өзү да ар дайым айтып келгендей, тынчтык жана ынтымак, биримдикти, өлкөбүздө туруктуулукту көздүн карегиндей сакташыбыз керек.
Кандайдыр бир саясий же социалдык ыңгайлуу абал пайда болуп калса эле дароо ортодон чыга калып, өздөрүнүн жеке жана саясий кызыкчылыктары үчүн пайдаланып кеткиси келип жүргөн белгилүү топтор бар экенин эч качан унутпашыбыз керек жана алардын ар кандай жүрүштөрүнө каршы коомчулук бекем турушу зарыл. Бейиштин төрүндөй болгон Кыргызстаныбыз өнүгүү жолун туруктуу улап, ынтымагыбыз бекем болсун!" - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан