
О! Мобилдик оператору эл аралык роумингде өз абоненттерине чет өлкөдө интернетке өтө ылдам жетүүнүн жаңы доорун ачуучу 5G технологиясын ишке киргизгенин жарыялайт.
Учурда О! абоненттери үчүн 5G тармактарына катталуу Казакстан жана Өзбекстанды кошкондо, эң популярдуу өлкөлөрдүн аймагында жеткиликтүү.
Роумингде 5Gны ишке киргизүү – бул саякатчылар үчүн жаңы ыңгайлуулук стандарты оор контентти заматта жүктөп алууга, UltraHD сапаттагы видео чалууларды жүргүзүүгө жана булут кызматтарын минималдуу кечигүү менен колдонууга мүмкүндүк берет.
Дүйнөнүн 65+ өлкөсүндө интернет-пакеттер: 65%га чейин арзандатуулар
Чет өлкөдө интернетти колдонуу тез гана эмес, абдан пайдалуу болушу үчүн, О! интернет-топтомун сунуштайт.
Интернетти дүңүнөн алуу – бул абдан үнөмдүү вариант: сиз эң популярдуу туристтик багыттар боюнча стандарттык тарифке салыштырмалуу 65%га чейин сонун арзандатууга ээ болосуз:
Бардык пакеттер 30 күнгө чейин иштейт, бул узак мөөнөттүү эс алууларды да ыңгайлуу пландаштырууга мүмкүндүк берет. Кызматтарды «Мой О!» тиркемесинен кошууга болот.
Кошулуу, пакеттердин баасы жана өнөктөш өлкөлөрдүн тизмеси тууралуу толук маалыматты оператордун o.kg расмий сайтынан же «Мой О!» тиркемесинен тапсаңыз болот.
«НУР Телеком» ЖЧК. КР МТжБМК алдындагы МБАнын 2016-жылдын 6-декабрында берилген №16-0062-КР, №16-0063-КР лицензиялары.