Кымбат телефондорду аткезчилик жол менен өлкөгө киргизүү аракети токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат товар "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү пунктунан кармалганын маалымдады. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгү (Экономикалык контрабанда) жана 242-беренесинин 1-бөлүгү (Салыктарды жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.