Биз социалдык тармакта

Бекер берилет. Орусиядан келген 1 миллион доза вакцина аймактарга таратылды 

Малдар үчүн Орусиядан келген 1 миллион доза вакцина бардык аймактарга жеткирилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө жазгы эмдөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жатат. Ветеринардык кызматтар мал арасында жугуштуу оорулардын алдын алуу, эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо жана малдын саламаттыгын сактоо боюнча иш алып барууда.
"Вакцина жарандарга акысыз берилет, ветеринардык кызмат көрсөтүүлөр үчүн гана төлөм алынат", - деп билдирди министрлик.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан