Биз социалдык тармакта

Бишкектик спортчулар Жакартада ийгилик жаратышты

Бишкектеги "Дельфин" Олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары Азия чемпиондугунун байге ээлери аталды.

Борбор калаанын мэриясы кабарлаганда, 11–17-май күндөрү Индонезиянын Жакарта шаарында U-17 жана U-19 жаш курактагы спортчулар арасында заманбап беш түр боюнча Азия биринчилиги өттү. Аталган эл аралык мелдешке Азиянын 8 өлкөсүнөн 80ден ашуун спортчу катышкан.

Мелдештин жыйынтыгы:

  • Безбожнова Ксения -U-19 категориясында командалык эсеп боюнча 3-орунду ээледи;
  • Исабеков Мамбет - U-19 категориясында жеке эсепте 3-орунду багындырды;
  • Кылычбеков Элдар - өлкө курама командасынын курамында MIX эстафетасында U-19 категориясы боюнча 3-орунга ээ болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан