Түркиянын Измир шаарындагы Картал полигонунда "Эфес-2026" эл аралык машыгуусу өтүүдө. Бул тууралуу 18-майда Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, машыгуулар 17-майда башталып, анда 17 мамлекеттин аскердик контингенттеринин катышуусунда ок атуу жана жыйынтыктоочу машыгуу өткөрүлдү.
Машыгууда министрликтин 35 миң 524 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүп, күжүрмөн даярдыгын жогорулатууда.
Мындаш тышкары 20–21-май күндөрү курал-жарак жана аскердик техникаларынын көргөзмөсү өткөрүлөт.