Биз социалдык тармакта

"Ош" аэропортуна жакын жерден курал-жарактар табылды

Ошто курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат аталган жай "Ош" эл аралык аэропортунун аймагына жакын жерде жайгашканын жана кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык экенин маалымдады.

Жашыруун жайдан 1 аңчылык куралынын кесилген түрү, 1 автомат, 1 тапанча, буларга тиешелүү ок-дарылар алынган. Учурда жашыруун жайды уюштурган адамдардын ким экендиги такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан