
Айыл чарба министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин директору болуп
Зарылбек Каратаев дайындалды.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.
Жаңы жетекчини жамаатка министрдин орун басары Алмаз Жээналиев тааныштырды.
Каратаевдин эмгек жолу:
- 2011-2015жылдары "Майлуу-Суу лампа заводу" ЖЧКсы,
- 2015-2023-жылдары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу (азыркы Энергетика министрлиги) "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасы,
- 2024-жылдан тарта Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментте бөлүм башчы, башкармалыктын башчысы, 2025-жылдан баштап аталган департаменттин директорунун орун басары болуп эмгектенип келген.