Каракол шаарындагы тарых музейи жаңыланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, музей жалпы 159 миллион сомго толук реконструкциядан өткөрүлөт.
Башкы планга ылайык, музейдин жалпы аянты 1316 чарчы метрди түзгөн 3 корпустан турат. Долбоордун алкагында имараттын ичи жана архитектуралык сырткы көрүнүшү жасалып, инженердик тармактары модернизацияланат.