Бишкекте BMW үлгүсүндөгү унаасы менен коомдук тартипти одоно бузуп, кооптуу аракеттерди жасаган айдоочуга чара көрүлдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган айдоочунун видеосу социалдык тармактарга тараган. Жол тескөөчүлөр окуя боюнча ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, унаанын айдоочусун аныкташкан. Натыйжада айдоочуга карата тиешелүү протокол түзүлүп, унаасы айып короо жайына токтотулган.
Кайгуул кызматы айдоочу кайрадан ушундай аракеттерди жасаса, соттун чечими менен айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылышы мүмкүн экенин эскертти.