Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы үч саат аралыгында жана бүгүн күндүз катуу шамал күтүлөт.
ӨКМ тараткан билдирүүгө ылайык, бул учурда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге жетет.
Мекеме тургундарды этият болууга, унааларды дарактардын жана көрнөк-жарнактардын астына токтотпоого жана шамал күчөгөндө ачык жерлерде болбоого чакырат.