Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдүн жээгиндеги балырлар экологиялык өзгөрүүнүн белгиси болуудабы? (видео)

Кыргызстандык гляциолог Гулбара Оморова социалдык тармактагы баракчасында Ысык-Көлдүн жээгиндеги балырлар менен микробдук катмарлар көбөйүп жатканын жазды. Анын айтымында, бул жээк экосистеминде өзгөрүү болуп жатканынын алгачкы белгилеринин бири.

Оморова Барскоон жээгинде жүргүзгөн кыска байкоолорунда суунун биологиялык активдүүлүгү жогору экенин аныктады. Изилдөөчү мындай өзгөрүүлөргө климаттык факторлордон тышкары, жээктеги көзөмөлсүз курулуштар, агынды суулар жана адам фактору дагы таасир берип жатканын айтат. Анын пикиринде, тазалоочу курулмаларсыз курулуштарды көбөйтүү Ысык-Көлдүн экосистемине олуттуу коркунуч жаратууда.

Ал көлдүн жээк аймагын катуу көзөмөлгө алып, туруктуу экологиялык мониторинг жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Ысык-Көлдүн жээгиндеги балырлар экологиялык өзгөрүүнүн белгиси болуудабы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан