Биз социалдык тармакта

Баткенде 102 жаштагы энени Энелер күнү менен куттукташты

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кадамжай районунун Молдо-Нияз айыл аймагына караштуу Кыргыз-Кыштак айылынын тургуну, 102 жаштагы Шарапат Бөдөнова энеден кабар алып, Энелер күнү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда SUPER.KG порталына өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан билдиришти.

Облус жетекчиси энеге бекем ден соолук, узак өмүр жана бакубат жашоо каалап, белектерин тапшырды.

Шарапат Бөдөнова өзүнүн өмүр жолу жана турмуштук тажрыйбасы тууралуу айтып берип, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан өнүгүү иштерине ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ак батасын берди.

Маалыматка ылайык, Энелер күнүнө карата Баткен облусунда 100 жаштан ашкан 19 энеге облус башчысынын куттуктоосу жана белектери жеткирилүүдө.

Бул иш-чара улуу муун өкүлдөрүнө урмат көрсөтүү, алардын эмгегин баалоо жана жаш муунга үлгү болгон энелердин кадыр-баркын даңазалоо максатында уюштурулуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан